Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:12

Элчилик: Түркиядагы жер титирөөдө кыргызстандыктар жабыркаган жок


Кыргызстандын Түркиядагы элчилиги Элязыг провинциясындагы жер титирөөдө каза болгондордун жана жабыркагандардын арасында кыргыз жарандары жок экенин билдирди.

24-январда Түркиянын чыгышындагы Элязыг провинциясында күчү очогунда 6,8 баллга жеткен жер титирөөдө 22 киши каза болуп, миңдеген тургундар жаракат алган.

Кырсыкка байланыштуу президент Сооронбай Жээнбеков Түркиянын мамлекет башчысы Режеп Тайып Эрдоганга жана түрк элине көңүл айтты.

"Элязыг провинциясынын Сивриже шаарында жер титирөөнүн кесепетинен көптөгөн жарандардын курман болгону тууралуу суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Кыргызстан элинин жана жеке өзүмдүн атымдан сизге жана жалпы Түркия элине терең кайгыруу менен көңүл айтам”, – деп жазылган телеграммада. (TSh)

XS
SM
MD
LG