Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
бейшемби, 20-февраль, 2020 Бишкек убактысы 05:49

Украинанын «Боинг» учагына сокку урган ирандык аскер түрмөдө отурат


Жавад Зариф.

Тегеранда украиналык «Боинг» жүргүнчү учагын жаңылыш атып алган аскер кызматкери түрмөдө отурат. Бул тууралуу Ирандын тышкы иштер министри Мухаммад Жавад Зариф «Der Spiegel» журналындагы маегинде билдирди. Министр камалган аскердин өздүгүн ачык айткан жок.

Зариф ошондой эле 1988-жылы Ирандын жүргүнчү учагын атып алган АКШнын окуясын эске салды:

- АКШ Ирандын жүргүнчү учагын атып алгандан бери 32 жыл өттү. Азыркы учурга чейин алар расмий кечирим сурай элек. Ал окуяга жоопкер болгон америкалык офицер медаль алды. Ал эми украиналык учакты атып алган аскер түрмөдө отурат.

Министр Ирактагы америкалык аскер базасына урулган соккуну генерал Сулейманинин өлүмү үчүн Ирандын «расмий аскердик жообу» деп атады. (TSh)

Пикирлерди көрүңүз

XS
SM
MD
LG