«Кыргызгидромет» борбору кабарлагандай, 27-январда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй, Ош, Жалал-Абад, облустарынын тоолуу райондорунда кар түшөт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн -5…-10, күндүз -1…+4;
Таласта түнкүсүн -6…-11, күндүз -3…+2;
Баткенде, Ошто, Жалал-Абадда түнкүсүн -1…-6, күндүз 1…6;
Ысык-Көлдө түнкүсүн -5…-10, күндүз -1…+4;
Нарында түнкүсүн -18…-23, күндүз --6…-11;
Бийик тоолуу райондордо -23…-28, күндүз -8…-13 градус болот.
Бишкек шаарында абанын түнкү төмөнкү температурасы -6…8°, күндүзгү жогорку температурасы 1…3° градус болот.