Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Декабрь, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 14:31

Ухандагы кыргыздар ооруну жугузган жок


Ухань. 22-январь, 2020-жыл.

Кытайда жайылган коронавирусту Ухандагы 5 кыргызстандык жугузган жок жана алардын саламаттыгы жакшы экени маалым болду. Бул тууралуу «Азаттыкка» Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык бөлүмүнүн башчысы Айнура Акматова билдирди.

- Биз Кытайдагы элчилик, Тышкы иштер министрлиги менен байланышып, Уханда 4 студент, бир жараныбыз бар экенин тактадык. Алар менен байланышып, коронавирусту жугузбаганын, дени сак экенин уктук, - деди Акматова.

Кытайдын Ухань шаарында башталган коронавирустан акыркы маалыматтар боюнча 56 киши каза таап, дүйнөнүн булуң бурчунда 2 миңден ашуун адамга жукту. Ухань шаары толугу менен жабылып, карантинге алынды. Кыргызстанда оорунун алдын алуу боюнча ыкчам штаб түзүлдү. (BCh)

Пикирлерди көрүңүз (6)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG