Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
жекшемби, 23-февраль, 2020 Бишкек убактысы 13:42

Ооганстанда жардыруудан 20 киши жарадар болду


Расмий органдардын маалыматына караганда, Ооганстандын түштүк-чыгышындагы Хост провинциясында үйлөнүү үлпөт тоюн майрамдап жаткандарга ыргытылган граната жарылып, кеминде 20 киши жарадар болду. Азырынча гранатаны кимдер ыргытканы белгисиз.

Ошондой эле 25-январда болгон жардыруу боюнча да жоопкерчиликти эч ким ала элек. Анда Кабулда полициянын машинесине коюлган, колго жасалган жардыргыч жарылган. Анын кесепетинен бир киши өлүп, төрт жай тургун жаракат алган. (TSh)

Пикирлерди көрүңүз

XS
SM
MD
LG