Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:39

Израил жарандарына Сауд Арабиясына барууга уруксат берет


Тел-Авивдин көчөсү. 30-май, 2013-жыл.
Тел-Авивдин көчөсү. 30-май, 2013-жыл.

Израил өз жарандарына диний зыяратка же жеке ишине байланыштуу Сауд Арабиясына каттаганга уруксат бергени жатат. Ички иштер министрлиги 26-январда тараткан маалыматта мусулман жарандар мындан ары буга чейинкидей өкмөттүн атайын уруксаты жок эле Меккеге зыяратка бара алары айтылат. Израилдик жөөттөргө ишине байланыштуу зарыл болсо Сауд Арабиясына тогуз күнгө чейин барып келгенге уруксат берилет.

Израилдин Ички иштер министрлиги тараткан билдирүүдө бул чечим өлкөнүн коопсуздук органдары жана Тышкы иштер министрлиги баштаган тиешелүү мамлекеттик мекемелер менен макулдашылып кабыл алынганы белгиленген. Падышачылык буга байланыштуу азырынча комментарий бере элек.

Сауд Арабиясына кириш үчүн израилдик туристтерге мурдагыдай эле Эр-Рияддын макулдугу зарыл.

Изарил менен Сауд Арабиясынын ортосунда расмий дипломатиялык алака-катыш жок. Бул чечим эки мамлекеттин ортосунда мамиледе оң өзгөрүү боло баштаганынан кабар берет. Былтыр июль айында эки мамлекеттин тышкы иштер министрлери Бахрейнде жолуккан болчу.

XS
SM
MD
LG