Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:44

Багдадда полиция демонстранттарга ок атты


Иракта нааразылык акциялары былтыр октябрь айынан бери токтой элек. Багдад шаары, 20-январь, 2020-жыл.
Иракта нааразылык акциялары былтыр октябрь айынан бери токтой элек. Багдад шаары, 20-январь, 2020-жыл.

26-январда Ирактын борбору Багдад шаарында өкмөткө каршы нааразылык акцияларында полиция демонстранттарды кууп таратыш үчүн ок атты. Тахрир аянтынын жанындагы Халлани жана Ватба аянтында чогулгандардын арасында бери дегенде 17 киши жарадар болгону кабарланды. Демонстранттар полиция кызматкерлерине таш, май куюлган шише ыргытышты.

Нааразылык акциялары Насирия шаарында да өттү. Демонстранттар борбордук Ал-Хабоби аянтына кете турган жолдогу аянтты ээлеп алышты. Бул шаарда мындын бир күн мурда каршылык акцияларында полиция менен демонстранттар кагылышып, үч адам ажал тапкан.

Иракта бийликке каршы демонстрациялар былтыр 1-октябрда башталган. Көчөгө чыккандар коррупцияга, жумушсуздукка, электр энергиясы менен суунун улам-улам өчүрүлүшүнө нааразы болуп жатышат. Тоз-тополоңдо өлгөндөрдүн саны бери дегенде 500гө чамалады.

Иракта 40 миллиондой эл жашайт жана ал кара май өндүрүп, экспорттогон дүйнөдөгү бешинчи мамлекет болуп эсептелет.

XS
SM
MD
LG