Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 07:47

Абактагы Наама Иссахар Путинден ырайым сурады


Наама Иссахар Москвадагы аймактык сотто. 19-декабрь, 2019-жыл.
Наама Иссахар Москвадагы аймактык сотто. 19-декабрь, 2019-жыл.

Орусияда абакта отурган Израилдин жараны Наама Иссахар президент Владимир Путинге ырайым сурап кайрылды. Бул тууралуу анын адвокаттары кабарлашты. Ал былтыр октябрь айында баңгизат аткезчилиги үчүн айыпталып, 7,5 жылга эркинен ажыратылган.

Иссахар 2019-жылы апрелде Делиден Тел-Авивге Москва аркылуу учуп кетерде камакка алынган, анын жүгүнөн тогуз грамм гашиш табылган. Ал баңгизат аткезчилиги боюнча күнөөсүн мойнуна алган эмес.

Владимир Путин 23-январда Израилге барганда Наама Иссахардын апасына жолуккан. Яффе Иссахар Путинден кызына ырайым берүүнү өтүнгөн. Путин аны «баары жакшы болот» деп жубаткан.

Наама Иссахардын тагдыры Москва менен Тел-Авивдин алака-катышын сынаган жана саясатка айланган окуялардан бири болуп калган. Путин буга байланыштуу Израилдин өкмөт башчысы Беньямин Нетаньяху менен бир канча ирет сүйлөшкөн.

XS
SM
MD
LG