Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:34

Казакстан «Хоргосту» убактылуу жапты


Казак-кытай чек арасындагы «Хоргосту» базары.
Казак-кытай чек арасындагы «Хоргосту» базары.

Казакстандын премьер-министри Аскар Мамин 26-январда Кытайда чыккан вируска байланыштуу чукул жыйын өткөрдү. Анда оорунун тарап кетишинин алдын алуу максатында бир катар чечимдер кабыл алынды.

Тактап айтканда, Мамин казак-кытай чек арасында, аба майдандарында, темир жол бекеттеринде көзөмөлдү күчөтүүнү тапшырды жана эки өлкөнүн чек арасындагы кытай товарлары сатылган эң ири «Хоргос» базарын жабуу тууралуу буйрук берди.

Андан сырткары Кытайдагы казак жарандарынан маал-маалы менен кабар алып турууну, муктаждык болсо Ухандагы студенттерди алып келүүнү тапшырды. Ошондой эле коронавирустун алдын алуу максатында атайын мекеме аралык комиссия да түзүлдү.

Кытайда өпкөнү сезгенткен вирустан өлгөндөрдүн саны 50дөн ашты. Бул оору жүздөгөн адамга жугуп, айрымдарынын абалы оор.

Кытай лидери Си Цзиньпиң жаңы жылдык куттуктоо учурунда вирус көзөмөлдөн чыкканын, абал оорлошуп баратканын моюнга алды. Кытайдын бир топ ири шаарларында коомдук транспорт токтоп, элдин ары-бери барышына чектөө киргизилди.

XS
SM
MD
LG