Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:54

Кыргызстандын дин өкүлдөрү Москвада элчи менен жолугушту


Элчи Аликбек Жекшенкулов мавлид кечесинде. Москва, Крокус-Сити холл. 26-январь, 2020-жыл. Сүрөт муфтияттын сайтынан алынды.
Элчи Аликбек Жекшенкулов мавлид кечесинде. Москва, Крокус-Сити холл. 26-январь, 2020-жыл. Сүрөт муфтияттын сайтынан алынды.

Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын башчысы Максатбек ажы Токтомушев, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын директору Зайырбек Эргешов Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Аликбек Жекшенкулов менен жолугушту. Жолугушууда тараптар кызматташуу жаатында пикир алышып, Орусияда жашап-иштеп жүргөн кыргызстандыктарга үй-бүлө баалуулуктары, адеп-ахлак, адал ырыскы, билим берүү жана балдардын тарбиясы тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарылчылыгы жөнүндө кеп кылышты. Мындан тышкары Кыргызстанда ханафий мазхабы, матрудий акыйдасы боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүш керек экендиги айтылды.

26-январь күнү Москвада кыргызстандык мигранттар үчүн Мухаммед пайгамбардын туулган күнүн арналган Мавлид кечеси уюштурулган.

Ага элчи Аликбек Жекшенкулов, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын жетекчиси Зайырбек Эргешов, муфтийи Максатбек ажы Токтомушев, аалымдар кеңешинин төрагасы Абибилла ажы Кадырбердиев, Аалымдар кеңешинин мүчөлөрү Чубак ажы Жалилов, Абдышүкүр ажы Нарматов жана башка дин өкүлдөрү, төкмө акын Идирис Айтибаев катышты. (ZKo)

XS
SM
MD
LG