Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:04

Кытайдан чыккан вирус үчүн Кыргызстанда тепловизор жетишсиз


Аэропортто адистер тепловизор менен жүргүнчүлөрдү текшерүүдө. Архивдик сүрөт.
Аэропортто адистер тепловизор менен жүргүнчүлөрдү текшерүүдө. Архивдик сүрөт.

Кыргызстанда чек арадан коронавирусту аныкташ үчүн тепловизор жетишсиз. Саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев 27-январда өкмөттүн жыйынында маалымат берип жатып кошумча тепловизор алуу боюнча иш жүрүп жатканын айтты:

- Бизде 13 тепловизор бар. Ошонун баары адамдар көп каттаган чек арага коюлду. Жетпеген тепловизорлор боюнча иш алып баруудабыз. Беткап, шприц, антибиотиктер базарда бар. Кампаларда 3,5 миллиондой беткап бар. Жеке коргонуу каражаттарынан 1468 атайын халат, көз айнек эпидемиологдорго таратылып берилди, алар даяр турат.

Тепловизор – адамдын температурасын аралыктан аныктоочу аппарат.

Алгач Кытайда катталган вирустун айынан бүгүнкү күнгө карата 80дей адам көз жумду. Өпкөнү сезгентүүчү вирус тездик менен жайылып, Кытайдын өзүндө эле 2300дөй киши ооруга чалдыкты. Оору АКШда, Таиландда, Түштүк Кореяда, Австралияда, Канадада жана Францияда катталды.

27-январда Кыргызстанда бул оору менен катталгандар жок экени айтылды. (RK)

XS
SM
MD
LG