Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:49

Изделип жаткан кыздар курбусунун үйүнөн табылды


Табылган кыздар.
Табылган кыздар.

Чүйдө бир нече күндөн бери жакындарын издетип, курбу кызынын үйүндө жүргөн эже-сиңди ата-энесинин колуна өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, 15 жана 20 жаштагы кыздары эки күндөн бери дайынсыз болуп жатканын айтып 25-январда милицияга Жайыл районунун Новониколаевка айылынын тургуну кайрылган.

Арыз Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, ыкчам издөө башталган.

Кыздардын тааныштары, достору, туугандары суралып, эки саатта алардын каякта экени аныкталган.

Эки күндөн бери алар ошол эле райондо курбу кызынын үйүндө жүргөнүн айтып беришкен.

Милиция кыздар менен түшүндүрүү иштерин жүргүздү.

Ата-энесин, милицияны дүрбөлөңгө салып, дайынын таптырбай кетип, бир нече күндөн кийин аман-соо табылган өспүрүмдөрдүн түрдүү окуялары буга чейин да катталган. (RK)

XS
SM
MD
LG