Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:47

Абылгазиев: Көмүскө экономиканын деңгээли дагы эле жогору (видео)


Өкмөт Үйү. 27-январь, 2020-жыл.
Өкмөт Үйү. 27-январь, 2020-жыл.

Кыргызстанда көмүскө экономиканын деңгээли жогору бойдон калууда. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 27-январда өкмөттүн кеңейтилген курамдагы жыйынында айтты.

Өкмөт башчынын маалыматына караганда, көмүскө экономиканын деңгээли болжол менен 130 миллиард сомду же ички дүң өнүмгө карата 23,6% түзүүдө.

Абылгазиев 13-январда салык жана бажы жол-жоболорун санариптештирүү боюнча жыйында айрым эксперттер көмүскө экономиканын үлүшү 24-43% чейин жетерин айтып жатканын билдирген.

Өкмөт башчы салык төлөмдөрү туура башкарылса көптөгөн социалдык маселелерди чечсе болорун билдирген.

Абылгазиев өкмөттүн бүгүнкү жыйынында соттук-укуктук реформаларга 2019-жылы 820 миллион сом бөлүнгөнүн кошумчалады.

Премьер белгилегендей, бул чаралардын баары дүйнөлүк рейтингде өлкөнүн Коррупцияны кабылдоо индексин жакшыртууга алып келди.

2019-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстан 180 өлкөнүн ичинен 126-орунга чыгып, алты пунктка позициясын жакшырта алды. (BTo)

XS
SM
MD
LG