Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:58

Пакистанда армияны сындаган активист кармалды


«Пуштундарды коргоо кыймылынын» Банну шаарындагы акциясы. 12-январь, 2020-жыл.
«Пуштундарды коргоо кыймылынын» Банну шаарындагы акциясы. 12-январь, 2020-жыл.

Пакистандын полициясы армиянын операцияларын сынга алган активистти камакка алды. «Пуштундарды коргоо кыймылы» аттуу жарандык уюмдун башчысы Манзур Паштин 27-январга караган түнү Пешавар шаарында кармалганын полиция ырастады. Ага «Чыккынчылык» беренеси менен айып коюлуп жатканы белгилүү болду.

12-январда аталган уюм Банну шаарында ири митинг уюштургандан көп өтпөй Паштинге каршы кылмыш иши козголгон. Пакистандык депутат Мохсин Давар активист пуштундардын укугун тынч жол менен коргогону үчүн жазага туш болуп жатканын айтты.

2018-жылдан бери иштеп жаткан «Пуштундарды коргоо кыймылы» Пакистан армиясынын өлкөнүн түндүк-батышындагы операцияларын кескин сынга алып келет. Армия уруулар байырлаган бул аймактарда согушкерлер бар экенин билдирип жүрөт.

XS
SM
MD
LG