Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Март, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:57

Казакстандын баш калаасында өзгөчө кырдаал жарыяланды

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Казакстандын баш калаасы Нур-Султанда калың кар менен бороондон улам өзгөчө кырдаал жарыяланды. Шаардагы бардык мектептер убактылуу жабылды. 27-январда баш калааны башка шаарлар менен байланыштырган башкы жолдордо каттам токтоду.

Нур-Султандагы эл аралык аэропортто бардык аба каттамдары белгисиз мөөнөткө токтотулганын аба майданынын басма сөз катчысы Жеңиш Ахметжанов журналисттерге билдирди.

Жергиликтүү бийлик жарандарды өзгөчө кырдаал режими алынганга чейин Нур-Султандан башка аймактарга жолго чыкпоого чакырды.

Калың кар менен бороондон улам Борбор Азиянын башка аймактарында да ондогон чоң жолдор убактылуу жабылды. 

XS
SM
MD
LG