Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:40

Кытайдын премьери Уханга барды


Кытайдын Ухань шаары. 24-январь, 2020-жыл.
Кытайдын Ухань шаары. 24-январь, 2020-жыл.

27-январда Кытайдын премьер-министри Ли Кэцян коронавирус биринчи жолу катталган Ухань шаарына барды. Мамлекеттик медиа кабарлагандай, өкмөт башчы жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү жана дарыгерлер менен жолугуп, шаарда илдетке чалдыккандар үчүн чукулунан салынып жаткан оорукананын курулушу менен таанышты.

Кытайда өпкөнү сезгенткен коронавирустан каза тапкандардын саны 81 адамга жетти. Бийлик 3 миңге чукул адам жаңы вирусту жуктуруп алганын ырастады. Расмий Бээжин вакцинасы табыла элек илдеттен улам Кытай Жаңы жылына карата эс алуу күндөрүн үч күнгө узартты.

Хубэй провинциясынын Ухань баштаган бир нече шаарында карантин уланып жатат. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун башчысы Тедрос Аданом Гебреисус Бээжинге келип, Кытай өкмөтүнүн өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө.

Адам организминде буга чейин кездешпеген вирустан улам дүйнөнүн бир катар өлкөлөрү коопсуздук чараларын күчөтүп жатышат. Кыргызстан Кытай менен каттамдарды убактылуу токтотконун премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 27-январда өкмөттүк жыйында билдирди.

XS
SM
MD
LG