Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
бейшемби, 27-февраль, 2020 Бишкек убактысы 13:04

Элчилик: Нагатинскиде кармалган кыргыздар бошотулду


Иштеп жаткан мигранттар. Москва шаары. Иллюстрациялык сүрөт.

Орусиянын миграциялык мыйзамдардын бузду деген жүйө менен кармалган он чакты кыргызстандык жаран бошотулду. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин басма сөз катчысы Гүлбарчын Байымбетова «Азаттыкка» билдирди. Анын айтымында, мекендештер негизинен каттоого туруу эрежесин сакташкан эмес.

- Көбүнчө жашаган жери менен катталган жери дал келишпей калат. Анткени биздин жарандар жумуш орду боюнча эмес, өздөрүнүн тааныштары аркылуу каттоого турушат. Бул орус миграция мыйзамдарына туура келбейт. Биздин юристтер Нагатинскиге барып, мекендештердин иштеген жана жашаган жеринен тастыктама алууга жардам бергенден кийин, кармалган кыргызстандыктар чыгарылды.

Байымбетованын маалыматына караганда, Орусиянын миграция кызматы ар бир айдын аягында мигранттардын арасында текшерүү жүргүзүп турат. «Айрым соцтармактарда «кыргызстандык мигранттарды текшерүү күчөдү» деген маалыматтар чындыкка дал келбейт» дейт басма сөз катчысы.

24-январь күнү Москвада жергиликтүү миграция кызматы мигранттарга текшерүү жүргүзүп, тиешелүү документтери так эмес болгондорун кармап, камаган. Арасында он чакты кыргызстандык жаран болгон.

Кыргызстан ЕАЭБдин мүчөсү болгондуктан, Орусияда кыргызстандыктардын жашап-иштешине жеңилдиктер түзүлгөн. Мигранттар менен иштеген укук коргоочулардын айтымында алар дагы эле мыйзамдуу каттоого тууруудан кыйналышат. (ZKo)

Пикирлерди көрүңүз (1)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG