Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:31

SIPRI: Кытай курал-жарак өндүрүү жагынан Орусиядан озуп кетти


Кытай аскерлери.
Кытай аскерлери.

Дүйнөдөгү көйгөйлүү маселелерди иликтеген Стокгольм эл аралык институту (SIPRI) биринчи жолу кытай компаниялары өндүргөн курал-жарактын өлчөмүн талдап чыкты.

Ага ылайык, 2017-жылы Кытайдагы төрт компания орусиялык тогуз атаандашына караганда 16,4 миллиард долларга көбүрөөк курал-жарак сатканы белгилүү болду. Натыйжада Кытай курал өндүрүү боюнча дүйнө жүзүндө АКШдан кийин эле экинчи орунду ээледи.

Мурда маалыматтардын жетишсиздигинен улам сатылагн куралдын өлчөмүн аныктоо мүмкүн болгон эмес. Бирок адисттер биржага чыккан көрсөткүчтөрдү колдонуу менен төрт кытай компаниясынын 2015-2017-жылдардагы маалыматын иликтеп чыгышты.

SIPRI 2017-жылы курал-жарак чыгаруу боюнча алдыңкы жыйырмалыкка 11 америкалык, 6 европалык жана үч орусиялык компания киргенин белгилейт. Эгер рейтинг азыр түзүлгөн болсо, кытайлык төрт компания алдыңкы ондукка кирмек.

2017-жылы төрт кытайлык компания жалпысынан 54,1 миллиард долларга курал-жарак саткан. SIPRI алар көрсөткүчтөрүн төмөндөтүп коюшу ыктымал деп эсептейт.

Институттун эсеби боюнча Орусия курал-жарак өндүрүүдө үчүнчү орунга түшүп калды. 2018-жылы декабрда орусиялык компаниялардын сатуу көрсөткүчү 36,2 миллиард долларга чейин азайган. АКШ 246 миллиард долларга курал-жарак саткан.

XS
SM
MD
LG