Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:26

Жээнбеков: Эпидемиологиялык абал күнү-түнү текшерилсин


Сооронбай Жээнбеков.
Сооронбай Жээнбеков.

Президент Сооронбай Жээнбеков өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга күнү-түнү мониторинг жүргүзүүнү талап кылды. Бул тууралуу мамлекет башчысы дүйшөмбү күнү өткөргөн чукул жыйында айтты.

Жээнбеков бардык алдын алуу чараларын күчөтүүгө чакырып, азыркы кырдаал тууралуу так эмес маалымат таркатууга бөгөт коюу максатында өлкө калкын дайыма маалымдоо маанилүү экенин баса белгиледи.

Өкмөткө вирустун пайда болушуна жол бербөө боюнча конкреттүү иш-чаралардын планын иштеп чыгуу жана көзөмөл-өткөрүү пункттарынын ишин күчөтүү тапшырылды.

Президент тийиштүү мамлекеттик органдардын жетекчилерине жеке жоопкерчилик жүктөлөрүн өзгөчө белгиледи.

Кытайда өпкөнү сезгенткен коронавирустан каза тапкандардын саны 81 адамга жетти. Бийлик 3 миңдей адам жаңы вирусту жугузуп алганын ырастады. Расмий Бээжин вакцинасы табыла элек илдеттен улам Кытай Жаңы жылына карата эс алуу күндөрүн үч күнгө узартты. (RK)

XS
SM
MD
LG