Иран быйыл беш жандоочун Жердин орбитасына учурууну көздөп жатат. Бул маалыматты Ирандын маалымат жана байланыш технологиялары боюнча министри Мохаммад Жавад Азари-Жахроми 27-январда ырастады.
«Ооба, «Зафар» жандоочун орбитага учуруш үчүн атайын жай даярдалып жатат», - деп жазды министр «Твиттердеги» барагына.
Мунун алдында Сан-Францискодо жайгашкан «Planet Labs Inc» компаниясынын жандоочтору тартып алган сүрөттөр Ирандын Имам Хомейни атындагы космостук борборунда иш-аракет күчөп, транспорт да көбөйгөнүн көрсөткөн.
Былтыр Тегерандын үч жолу жандооч учуруу аракети ийгиликсиз аяктаган. Акыркы ирет август айында ракета учуп чыга турган жай жарылып кеткен.
АКШ Ирандын жандооч учуруу боюнча аракетин кескин сынга алып келет. Вашингтондун жүйөсү боюнча, Тегеран өзөктүк дүрмөт алып жүрө ала турган баллистикалык ракеталарын өнүктүрүш үчүн жасалма жандоочторду шылтоо катары колдонуп жатышы мүмкүн. Иран мындай дооматтарды четке каккан.
Январь айынын башында Ирандын таасирдүү генералы Касем Сулаймани Иракта АКШ армиясынын аба соккусунан каза тапкандан бери Тегеран менен Вашингтондун ортосундагы чыңалуу ого бетер күчөп кетти.