Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 12:30

АКШ Сириядагы чабуулдарга тынчсызданды


Чабуулдардан улам Идлибдин Маарат ал-Нуман аймагынан көчүп кетип бараткандар. 24-декабрь, 2019-жыл.
Чабуулдардан улам Идлибдин Маарат ал-Нуман аймагынан көчүп кетип бараткандар. 24-декабрь, 2019-жыл.

Кошмо Штаттар Сириянын Идлиб жана Алеппо провинцияларындагы аскердик чабуулдарга тынчсыздануусун билдирип, атышууну токтотууга чакырды. Мамлекеттик катчы Майк Помпео 27-январдагы билдирүүсүндө Идлибде аба соккуларынан жана жердеги аскерлердин чабуулдарынан улам «жүз миңдеген» жайкын тургундар гуманитардык кризиске кабылганын, алардын айрымдары коопсуз жайга чыга албай калганын белгиледи.

АКШнын башкы дипломаты Сириянын түндүк-батышындагы мындай кырдаал үчүн президент Башар Асадды, Орусиянын жана Иранды айыптады. Москва менен Тегеран Вашингтондун мындай билдирүүсүнө жооп кайтара элек.

Идлиб тогуз жылдан бери Асаддын режимине каршылык көрсөтүп келген көтөрүлүшчүлөрдүн акыркы чордону катары саналып келет. Асаддын күчтөрү көтөрүлүшчүлөр көзөмөлдөгөн аймактарды тартып алууну көздөгөн жаңы чабуулун 19-декабрда баштаган.

XS
SM
MD
LG