Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:59

АКШ Газнидеги учак кырсыгында өлгөндөрдүн сөөктөрүн алып кетти


Газниде кыйраган учактын калдыктары. 27-январь, 2020-жыл.
Газниде кыйраган учактын калдыктары. 27-январь, 2020-жыл.

АКШнын күчтөрү Ооганстандын Газни провинциясында кырсыктаган учактын бортундагы адамдардын сөөктөрүн тик учак менен алып кетти. Бул маалыматты америкалык жана ооганстандык расмий өкүлдөр ырасташты.

Маалыматка ылайык, Кошмо Штаттардын аскерлери сөөктөрдү тик учакка жүктөп жатканда айлана-тегеректи ооган коопсуздук күчтөрү кайтарып турушту. Ага чейин ооган аскерлери учак кулаган аймакка баратканда «Талибан» кыймылынын жоочулары менен кагылыша кеткени кабарланган.

Газни провинциясынын жергиликтүү кеңешинин башчысы Насир Ахмад Факири америкалыктар аймактан кеминде эки адамдын сөөгүн алып кетишкенин айтты. АКШнын Коргоо министрлигиндеги атын атабаган бир булак 28-январдагы операцияны ырастап, каза тапкандардын тек-жайы такталып жатканын айтуу менен гана чектелди. Азырынча Пентагон расмий маалымат бере элек.

27-январда АКШ армиясы «Bombardier E-11A» учагы Газни провинциясынын Дех Як районунда кыйрап түшкөнүн ырастап, бирок аскердик учакты «талибдер атып түшүрдү» деген маалыматты четке каккан.

Учак кырсыгы Вашингтон Ооганстандагы 18 жылдан ашкан согушту токтотуш үчүн «Талибан» кыймылы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жаткан учурда болду.

XS
SM
MD
LG