Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:59

Москвада коронавирустан улам коопсуздук чаралары күчөтүлдү


Москва шаары. 28-январь, 2020-жыл.
Москва шаары. 28-январь, 2020-жыл.

Москва шаарынын бийлиги Кытайдан чыккан коронавируска байланыштуу мейманканаларда жана туристтик жайларда коопсуздук чараларын күчөттү. Бул боюнча мэр Сергей Собяниндин билдирүүсү 28-январда анын расмий сайтына жарыяланды. Анда Орусиянын баш кааласында шаардык жана федералдык кызматтардын ишмердигин тескеш үчүн ыкчам штаб түзүлгөнү айтылат.

«Мейманканаларды жана туристтер көп келген башка жайларды өзгөчө көзөмөлгө алып жатабыз. Сигнал келип түшкөндө ал жакка медиктердин ыкчам бригадасы жөнөтүлөт», - деп билдирди Собянин.

Бир күн мурда Орусиянын Туроператорлор бирикмеси Кытайга эс алуу турларын сатууну токтотуп жатканын маалымдаган.

Кытай бийлигинин маалыматы боюнча өлкөдө өпкөнү сезгенткен коронавирустан 106 киши көз жумду. Вакцинасы табыла элек бул инфекцияны жугузуп алгандардын саны 4500 кишиден ашты. 28-январда белгилүү болгондой, Кытайдын Шинжаң аймагынан кайтып келген алты кыргызстандык студент изолятордо кеминде он күн кармала турган болду.

XS
SM
MD
LG