Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
дүйшөмбү, 24-февраль, 2020 Бишкек убактысы 02:21

Ошто күйөөсүнүн өлүмү үчүн шектүү келиндин соту башталат


Иллюстрациялык сүрөт.

Ишти Ош шаардык соту карайт. Айыпталуучунун адвокаты Мухайё Абдураупованын «Азаттыкка» билдиргенине караганда, келинге Жазык кодексинин 134; 3.1 («Адамдын саламаттыгына өлүмгө жеткирген оор залал келтирүү») беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

- Бул окуя боюнча жазган маалымат каражаттары да бир жактуу аны айыптап жатышат, - деди ал. - Аны күйөөсү дайыма уруп-сабаганы, келин өзүн коргош үчүн аргасыздан күйөөсүн темир союл менен башка чабууга мажбур болгону тууралуу эч жерде айтылбайт. Ошондуктан биз коомчулуктан бул ишке кайдыгер болбошун өтүнөт элек. Анткени үй-бүлөлүк зомбулуктан улам күйөөсүнө кол көтөргөн келиндер эле айыптуу болуп калышат.

Адвокаттын айтымында, келин кармалган учурда денесинде көгала тактар болгон. Күйөөсүнөн токмок жеп жүргөнүн коңшулары, туугандары билген, бирок бул тууралуу тергөө материалдарында да, маалымат каражаттарында да айтылган эмес.

Ош шаарынын тургуну, 29 жаштагы келин 20-ноябрь күнү күйөөсүн темир союл менен уруп өлтүргөн деген шек менен камакка алынган. Шектүү келин маркум күйөөсү менен жети жыл жашаган, ортодо эки баласы бар.

2019-жылы Кыргызстанда үй-бүлөлүк зомбулукка байланыштуу 8159 арыз катталса, алардын 554ү гана сотко жөнөтүлгөн. 7045 иш тосмо арыз жазылгандыктан кыскартылган. (ZKo)

Пикирлерди көрүңүз (3)

XS
SM
MD
LG