Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:05

Президент Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин чечимине кол койду


Коопсуздук кеңешинин жыйыны. 24-январь, 2020-жыл.
Коопсуздук кеңешинин жыйыны. 24-январь, 2020-жыл.

24-январда өткөн Коопсуздук кеңешинде кабыл алынган чечимде «айрым мамлекеттик органдарга терең кирген коррупция, мамлекеттик органдардын натыйжасыз өз ара кызматташтыгы, арасындагы так координациянын жоктугу, мамлекеттик, жергиликтүү бийлик жана өз алдынча башкаруу органдарынын инвесторлордун ишине кийлигишүүсү жана башка түрдүү терс факторлор өлкөнүн өнүгүшүнө бир нече жылдар бою терс таасирин тийгизип келди. Бул жалаң эле сот, көзөмөл жана укук коргоо органдарына гана эмес, экономикалык тармактарга да таасир тийгизди» деп жазылган. Ошондой эле Коопсуздук кеңешинин 2018-2019-жылдагы жыйындарынын чечимдерин ишке ашырууда кемчиликтер кетирилип, каралган бардык иш-чаралар тиешелүү деңгээлде жана белгиленген мөөнөттө ишке ашпай жатканы айтылган.

Коопсуздук кеңешинин 2018-жылдын 8-февралындагы жана 14-декабрындагы, 2019-жылдын 30-январындагы чечимдерин ишке ашыруу аракети жетишсиз деп табылган.

Буга байланыштуу өкмөт башчыларына чечимдерде каралган иш-чараларды ишке ашырууга каражат табуу, мамлекеттик органдардын өз ара кызматташтыгын камсыз кылуу, санариптик трансформациялоо концепциясын ишке ашырууда жол картасынын сапаттуу жана мөөнөтүндө аткарылышына көзөмөлдү күчөтүү боюнча талаптар коюлган.

Чечимде ошондой эле «Коррупциялык укук бузуу тууралуу билдирген адамдарды коргоо жөнүндө» мыйзамды аткарыш үчүн андай укук бузуу жөнүндө билдирген адамдарга материалдык сый акы төлөп берүүнүн тартибин кароо милдеттендирилген.

Буларды ишке ашырууга көзөмөл кылуу өкмөткө, Жогорку сотко, Башкы прокуратурага жана башка мамлекеттик органдарга жүктөлгөн. Берилген тапшырмаларды аткарыш үчүн 1-апрелден 1-июнга чейин мөөнөт берилген.

Мындан тышкары Коопсуздук кеңешинин мурунку чечимдерин аткарбаганы үчүн тийиштүү жетекчилерди жоопкерчиликке тартуу өкмөт башчы Мухаметкалый Абылгазиевге тапшырылган.

Бул тууралуу президенттин маалыматтык саясат бөлүмү 28-январда кабарлады. (ZKo)

XS
SM
MD
LG