Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:10

Трамптын Жакынкы Чыгышта тынчтык орнотуу планы ачык реакция жаратты


Дональд Трамп.
Дональд Трамп.

АКШ президенти Дональд Трамптын Жакынкы Чыгышта тынчтык орнотуу планы Европа мамлекеттери менен Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) ачык реакциясын жана негизги мусулман өлкөлөрдүн каршы пикирин жаратты.

Трамп менен Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху бул планды бир нече саат мурда жарыялашты.

Кошмо Штаттардын президенти билдиргендей, Израилдин борбору «бөлүнгүс» Иерусалимде болууга тийиш.

- Бул тынчтык планы буга чейинки сунуштардан түп-тамыры менен айырмаланып турат, - деди Трамп. - Мурдагылар анча олуттуу эмес болгондуктан деталдары жазылган эмес жана концептуалдык негиздери жок болчу. Алардан айырмаланып азыркы биздин план 80 беттен турат жана келечекке багытталган максаттардын майда-чүйдөсүнө чейин так жазылган.

Трамп кошумчалагандай, бул план ишке ашса израилдиктер да, палестиналыктар да үй-жайын таштап качууга мажбур болбойт.
Планда баш калаасы чыгыш Иерусалимде жайгашкан, көз каранды эмес Палестин мамлекетин түзүү каралган.

Бирок Палестин автономиясынын башчысы Махмуд Аббас бул сунушту жактырбай, «кылым келишими» эмес, «кылым каяшасы» деп баалады.

Брюсселде Европа Биримдигинин өкүлү Жозеп Боррелл бул планды кубаттоо менен кабыл алып, эки тараптын тең кызыкчылыгын эске алуу менен каралып чыгарын айтты.

Кремль да бул план «деталдык изилдөөгө» алынарын билдирди.

XS
SM
MD
LG