Жогорку Кеңештин 29-январдагы жыйынында депутат Бакыт Төрөбаев Кытайдын Ухань шаарындагы кыргызстандык студенттер менен сүйлөшкөнүн, өкмөт аларды алып чыгып кетүүгө аракет кылыш керек экенин билдирди:
- Алар Ухань шаарындагы изолятордо калды, чыга албай жатышат. Азыр башка мамлекеттер да алып чыгып кетүүгө аракет кылып жатышат. Айрыкча жакшы аракет кылып жаткандар коңшу мамлекеттер болуп жатат. Алар менен сүйлөшүп, эгерде уруксат берилсе чогуу алып чыгып кетсек жакшы болмок.
Депутаттын айтымында, студенттер изолятордо кармалып турган убактысы узарып кетсе тамак-аш жана башка керектүү буюмдардан маселе жаралышы мүмкүн экенин айтышкан. Депутат элчиликтер аркылуу Кытайдагы кыргызстандыктардын маселесине көңүл бурууну сунуш кылды.
Алгач Кытайда катталган коронавирустан, соңку маалыматка караганда, 106 киши көз жумду, ооруну жугузуп алгандардын саны 5 974 адамга жетти.
Саламаттык сактоо министрлиги 28-январда Кытайда окуп жаткан алты кыргызстандык студент мекенине кайтканын кабарлады. Алар 10-14 күн атайын изолятордо болот. Дарыгерлер кооптонууга негиз жок экенин айтышууда. Кыргызстандын расмий органдары Ухань шаарында 15 кыргыз жараны бар экенин маалымдашкан. (TSh)