Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:30

Өзбекстан Тажикстанга ГЭС курууну пландоодо


Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон.
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон.

28-январда Ташкентте өзбек-тажик расмий өкүлдөрү жыйын өткөрүп, Тажикстанда биргелешип ГЭСтерди куруу маселесин талкуулашты.

Өзбекстандын Энергетика министрлигинин маалыматына караганда, биринчи этапта кубаттуулугу 140 МВт Яван ГЭСин куруу планы бар. Бул үчүн 282 млн. доллар сарпталары эсептелген. Кийинки баскычта курула турган дагы бир ГЭС үчүн 270 млн. доллар сарпталары алдын-ала сүйлөшүлдү.

Эки ГЭС 1,4 млрд кВт/саат электр энергиясын өндүрүп, ал Өзбекстандын муктаждыгына жумшалары кабарланат.

Гидроэлектрстанция куруу маселеси 2018-жылдын августунда эки өлкө президенти жолукканда алгач сүйлөшүлгөн.

Учурда Өзбекстан электр энергиясын Кыргызстандан жана Тажикстандан сатып алат. 2017-жылы өзбекстандыктар жылына 60 млрд кВт/саат керектей турганы расмий маалымдалган. 2030-жылы бул муктаждык 105 кВт/сааттан ашары күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG