Орусиянын жаңы дайындалган премьер-министри Михаил Мишустиндин эки уулу 180 чарчы метрлик эки батирге ээлик кылат. Экөөнүн тең базар баасы 180 млн. рублди чамалайт. Бул тууралуу Алексей Навальныйдын Коррупцияга каршы күрөш фондунун иликтөөсүндө маалымдалат.
Иликтөөчүлөр Москванын чок ортосундагы турак жай комплексинин бир кабаты толугу менен премьердин уулдарына таандык экенин белгилешет. Андагы бир чарчы метрдин баасы 1 млн. рублга бааланат.
Навальный эки батир тең ишкер Александр Удодовго таандык болгонун билдирүүдө. Ал Мишустиндин хоккей боюнча өнөктөшү. 2011-жылы «Коммерсант» гезити Удодов Салык кызматынан 2 млрд. рубль уурдоо үчүн шек саналганын жазып чыккан. Федералдык салык кызматын анда Мишустин башкарчу.
Удодов батирлерди Мишустиндин үй-бүлөсүнө жакын дагы бир ишкер Аркадий Новиковго саткан. Ал кийин премьердин эрезеге жеткен уулдарына соодалаган. Бул ыкма мүлктү Мишустиндин декларациясында көрсөтпөй коюуга жол ачкан, дешет иликтөөчүлөр.
Аз мурда Би-Би-Синин орус кызматы Мишустиндин карындашы баасы миллиард рублден ашык кыймылсыз мүлккө ээлик кыларын жазып чыккан.