Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:27

Палестина Трамптын сунушун «таштандыга ыргытат»


Махмуд Аббас.
Махмуд Аббас.

АКШнын президенти Дональд Трамптын тынчтык планына ылайык, Иерусалим шаары бөлүнгүс бойдон калып, Израилдин борбору катары таанылышы керек. Анын чыгышында болочок Палестина мамлекетинин борбору жайгашууга тийиш. Трамп ушундай болгондо израилдиктер да, палестиндер да азыркы турак жайларынан сүрүлбөй турганын белгилөөдө.

Трамптын планын Палестина улуттук администрациясынын башчысы Махмуд Аббас четке какты. Ал Иерусалим сатылбай турганын айтып, Трамптын Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху менен макулдашып алган келишимин палестин эли «тарыхтын таштандысына ыргытарын» белгиледи.

Аббас Жакынкы Чыгышта тынчтык орнотуу үчүн сүйлөшүүлөргө даяр экенин билдирип, бирок аны АКШ же Трамп менен макулдашпасын кошумчалаган.

Түркия менен Иран да Вашингтондун сунуштарын кескин сынга алып, «өлүү туулган», «палестиндерди шылдыңдайт» деп баалап, бул демилге эч качан ишке ашпай турганын белгилешти.

Европа Биримдигинин өкүлү Жозеп Боррел бул планды жылуу кабыл алып, эки тараптын кызыкчылыгын эске алуу менен караларын айтты.

Орусия да бул план «кылдаттык менен караларын» билдирүүдө.

Палестина автономиясы Иерусалимдин чыгышын болочок борбору катары санап, аны 1967-жылы Израил өзүнө каратып алган деп эсептейт. Жер талашы ондогон жылдарга созулуп, адам өмүрүн алган куралдуу жаңжалдар да болуп келет.

XS
SM
MD
LG