Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2021 жума, Бишкек убактысы 15:20

Кытайдан кайткан 12 кыргызстандык ооруканада жатат


Иллюстрациялык сүрөт.

Саламаттык сактоо министрлиги Кыргызстандагы эпидемиологиялык абал туруктуу болгонун, коронавирустун тастыкталган учуру катталбаганын маалымдады.

Учурда саламаттык сактоо уюмдарынын бокс тибиндеги палаталарына 12 адам жаткырылды. Алардын баары Кытайдын жогорку окуу жайларында билим алган студенттер. Ысык-Ата аймактык ооруканасында алты, Москва аймактык ооруканасында алты студент үзгүлтүксүз медициналык кароодон өтүп жатат. Алардын абалы канааттандырарлык, коронавирустун белгилери табылган жок.

Министрлик жугуштуу оорулардын эрежесине ылайык, вирус табылган аймактардан келген адамдар так диагноз коюлганга чейин керектүү болгон лабораториялык изилдөөлөрдөн өтүшү керек экенин маалымдайт. (TSh)

Пикирлерди көрүңүз (4)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG