Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:04

«Талибан» ооган күч түзүмдөрүнө кайрадан кол салды


Кундуз.
Кундуз.

29-январдагы «Талибандын» чабуулунда ооган коопсуздук күчтөрүнүн 13 кызматкери окко учту. Дагы 12си жарадар болду. Үчөө туткунга түшкөн.

Ооган расмий өкүлдөрү кабарлагандай, талибдер Кундуз провинциясынын түндүгүндөгү Дашти-Арчи районундагы көзөмөл-өткөрмө бекеттерине түн катып кол салышкан. Район башчысы Садуддин Сайед таң аткыча атышуу болгонун ырастап, кол салгандар куралдарды тоноп кетишкенин билдирди. Ошол эле учурда көзөмөл бекеттери өкмөттүк күчтөргө кайра өткөнүн айтты.

«Талибан» бир күн мурда эле Баглан провинциясындагы 10 полиция кызматкеринин өмүрүн алган кол салууну уюштурганын билдирген.

Акыркы маалыматтарга караганда «Талибан» Ооганстандын жарымына жакын аймагын көзөмөлдөп турат. Өкмөт менен талибдердин согушу 2001-жылдан бери токтобой келет. Куралдуу жаңжалды жөнгө салууга Орусия, Кошмо Штаттар киришип, элдештирүү аракети натыйжа бере элек. Ушул айдын башында АКШ катышкан сүйлөшүүнүн кезектеги айлампасы башталды.

XS
SM
MD
LG