Матраимовдордун үй-бүлөсү үч медиага жана журналистке коюп жаткан доо боюнча сот процессинде судья «Азаттыктын» кызыкчылыгын коргоп жаткан юрист Акмат Алагушевдин бул ишти Бишкектин Ленин райондук сотуна өткөрүп берүү боюнча өтүнүчүн четке какты. Сот 11-февралда уланмак болду.
Буга чейин Акмат Алагушев өз өтүнүчүн мындайча негиздеген:
- Доогерлер 24.kg сайтына карата материалдык доодон баш тартышты. Демек, 24.kgге карата формалдуу түрдө гана доо калды. Андан сырткары, биз «Доогерлер сотко берерде эмне себептен үч райондук соттон ушул сотту тандады?» деген суроону берип жатабыз. Ошондой эле бул иш кандай негизде Свердлов райондук сотунун төрайымынын кароосуна түшүп калды? Иште төрайымдын колу менен жазылган кагаз бар. Анда «автоматтык система ишти бөлүштүрүп, бул иш мага түштү» деп жазылган. Биз ага ишенген жокпуз.
«Азаттык» менен «Kloop.kgнин» жактоочулары андан тышкары «Азаттыктын» кеңсеси Ленин районунда жайгашканын, ушундан улам иш Бишкектин Ленин райондук сотунда каралышы керек экенин билдиришкен.
Ал эми Матраимовдордун адвокаттары жоопкер тарап ишти башка райондук сотко өткөрүп берүү тууралуу өтүнүч келтирүү менен соттук ишти атайын создуктуруп жатат деп эсептешет.