Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
жума, 28-февраль, 2020 Бишкек убактысы 19:53

Ошто ИИМдин тизмесинде турган беш жаран кармалды


Ош шаары.

Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы «Фейсбуктагы» баракчасына жарыялады. Маалыматка ылайык, атайын операция учурунда уюшкан кылмыштуу топтун беш мүчөсү кармалды. Алар жарандарга карата бейбаштык боюнча шектүү катары кармалып, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү катары ИИМдин атайын тизмесинде турат.

Учурда бул иш Жазык кодексинин 266-беренеси («Бейбаштык») боюнча сотко чейинки өндүрүшкө алынып, ыкчам иликтөө иштери башталды. Тергөөнүн жүрүшүндө алардын кылмышка тиешеси бар-жогу аныкталат.

XS
SM
MD
LG