Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:17

Эрдоган: Орусия Сириядагы келишимди сыйлабай жатат


Идлиб провинциясынын Ариха шаарчасындагы чабуулдан кийин. 15-январь, 2020-жыл.
Идлиб провинциясынын Ариха шаарчасындагы чабуулдан кийин. 15-январь, 2020-жыл.

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Сириядагы аскердик операцияга байланыштуу чыдамы кетип турганын билдирди. Бул өлкөдөгү зомбулукту болтурбаш үчүн түзүлгөн келишимди «сактабай жатат» деп Орусияны айыптады.

Сирия оппозициясынын акыркы таяныч аймагы болуп саналган Идлиб провинциясын акыркы жумаларда Орусияга таянган Сирия өкмөтү чабуулга алууда. Жүз миңдеген карапайым адамдар үй-жайын таштап, Түркияга качып жатышат.

29-январдагы сөзүндө Эрдоган эгер провинцияны бомбалоо токтобосо Анкара «зарыл болгондун баарын жасашы мүмкүн экенин» эскертти.

Түркия Сирия оппозициясын, Орусия өкмөтүн колдойт. Эки өлкөнүн жетекчилиги Идлибдеги аскердик аракеттерди токтотуп, демилитаризацияланган аймак түзүүнүн үстүнөн иштөөнү макулдашкан.

XS
SM
MD
LG