Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:59

Тажикстанда журналист Далер Шарифов эки суткадан бери сурак берүүдө


Далер Шарифов.
Далер Шарифов.

Ал Дүйшөмбү шаарынын Шомансур райондук мамлекеттик коопсуздук башкармалыгында сурак берип жатканын 29-январда «Озоди» радиосуна журналисттин туугандары билдиришти. Алардын айтымында, милиция кызматкерлери анын үйүндө тинтүү жүргүзүп, компьютерин, арабча жазылган китептерин экспертизага алып кетишкен.

«Адам укуктарын коргоо боюнча өз алдынча борбор» Далер Шарифовду адвокат менен камсыз кылды.

Журналист эмне себептен мамлекеттик коопсуздук башкармалыгына чакырылып жатканы белгисиз. Бийлик өкүлдөрү комментарий бере элек.

Далер Шарифов мурда мамлекеттик «Сафина» телеканалында эмгектенген. Акыркы жылдары ишкерлик менен алектенип, бирок расмий түрдө эч жерде иштеген эмес. Журналист сынчыл көз караштагы макалалары менен белгилүү.

Тажикстанда «Мусулман агайыңдар» кыймылынын мүчөсү деген шек менен адамдарды кармоо январдын башында башталган. Кармалгандардын арасында жогорку окуу жайларынын 20 окутуучусу менен кызматкерлери, ошондой эле Исфара шаардык аткаруу бийлигинин өкүлдөрү да бар.

Өлкөдө бул кыймылдын ишмердигине 2006-жылы тыюу салынган.

XS
SM
MD
LG