Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:03

АКШ сенаторлору Грузияга кабатыр болушту


Грузин премьер-министри Георгий Гахария.
Грузин премьер-министри Георгий Гахария.

АКШнын эки сенатору грузин премьер-министри Георгий Гахарияга Грузиядагы демократиянын абалына тынчсыздануусун билдирген кат жиберди. Республикачыл сенатор Жим Риш менен демократ Жинн Шейхин кол койгон кат 29-январда АКШ Сенатынын сайтына жарыяланды.

«Биз Грузиянын демократиясы жана өлкөнү башкаруу маданияты алсырап баратканын көрсөткөн соңку окуяларга барган сайын тынчсызданып турабыз», - деп жазылган бул катта.

Сенатор Риш Сенаттын Тышкы иштер боюнча комитетин жетектесе, Жинн Шейхин - бул комитеттин Европа жана аймактык коопсуздук боюнча кызматташтык бөлүмүнүн мүчөсү.

«Биз грузин шайлоочуларына эл өкүлдөрүн пропорционалдык система менен шайлоого мүмкүнчүлүк берген шайлоо реформасын жүргүзүү тууралуу убадаларды түшүнөбүз. Бирок сиздин өкмөттүн бул өзгөрүүнү ишке ашырбоо жөнүндө чечими демократиялуу Грузиянын институттарын түптөө ниетинен артка чегингенин көрсөтөт», деп белгилешкен сенаторлор.

Грузин өкмөтүн мындай катка кандай жооп бергени азырынча белгилүү боло элек. 21-январда да АКШнын төрт конгрессмени ушундай эле мазмундагы тынчсыздануусун жазып Тбилисиге жиберишкен.

Былтыр жайында грузин баш калаасында ири нааразылык акциялары өтүп, полиция демонстрацияларды күч менен басууга аракет кылган. Оппозициячыл күчтөр Грузиянын шайлоо системасы бийликтеги партияга гана артыкчылык берерин белгилешип, аны өзгөртүүнү талап кылышкан.

XS
SM
MD
LG