Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:01

Ат-Башыда дагы митинг өттү


30-январда Ат-Башы районунда логистикалык борборго байланыштуу митинг өттү. Анда чогулган кишилерге өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Касен Асизов, Ат-Башы районунун акими Жакыпбек Субагожоев чыгып сөз сүйлөштү. Алар соода-логистикалык борбор курулушу керек экенин, аймакка жумуш орундары түзүлөрүн, анын пайдасын айтып беришти. Бул митингди жергиликтүү журналист Алия Калыбекова «Фейсбуктагы» баракчасында түз эфирде чагылдырды. Чогулгандардын арасында өзүн Азамат Чериков деп тааныштырган адам логистикалык борборго караманча каршы экенин билдирди.

Ат-Башыдагы чек арага жакын аймакта борбор куруу долбоорун ишке ашыруучу «Ат-Башы Кыргыз-Кытай эркин соода аймагы» ишканасына кытайлык Лю Ин жана кыргызстандык Эмилбек Абдыкадыров ээлик кылат. Кыргыз ишкеринин айтымында, логистикалык борборду салыш үчүн Лю Ин 280 миллион доллар каражатты түз инвестиция кылат. Башкача айтканда, мамлекеттен эч кандай кепилдик келишимдери жок. Курулушка каршы болгондор логистикалык борбор үчүн ижарага берилген жер кийин Кытайга өтүп кетет деп чочулашат. 2000-жылдардын башынан бери эле жергиликтүү бийлик Ат-Башыга соода терминалы салынарын билдирип, инвестор издеп келет. Буга чейин жаңы курулушка каршы бир нече жыйындар өткөн. (TSh)

XS
SM
MD
LG