Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
шейшемби, 25-февраль, 2020 Бишкек убактысы 08:18

Жээнбеков: Куралдуу күчтөрдүн түзүмүндө тартип бузуунун алдын алыш керек


Президент Сооронбай Жээнбеков Куралдуу күчтөрдүн башкы штабынын жетекчиси Райымберди Дүйшөмбиевди кабыл алып, өлкөнүн аскердик мүмкүнчүлүктөрүн, коргонуу жөндөмүн талкуулады. Бул тууралуу президенттин расмий сайты жазды.

Мамлекет башчы Куралдуу күчтөрдө укук бузуу фактыларынын алдын алуу жана аскерлердин тартибин күчөтүү боюнча комплекстүү чара көрүүгө чакырды.

Райимберди Дүйшөмбиев ошондой эле Кыргызстандын аймагына жаңы коронавирусту киргизбеш үчүн өлкөнүн көзөмөл-өткөрмө пункттарында Саламаттык сактоо министрлигинин жана башка тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү менен тыгыз байланышта иштер жүрүп жатканын маалымдады. (TSh)

Пикирлерди көрүңүз (1)

XS
SM
MD
LG