Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:14

Израилдин премьер-министри Москвага келди


Орус президенти Владимир Путин менен Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху (солдо), Москва, 30-январь, 2020-жыл.
Орус президенти Владимир Путин менен Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху (солдо), Москва, 30-январь, 2020-жыл.

Москвада орус президенти Владимир Путин менен Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхунун сүйлөшүүсү өтүп жатат. Эки лидер АКШ президенти Дональд Трамптын Жакынкы Чыгыш боюнча тынчтык планын талкуулап жатканы белгилүү болду.

Нетаньяху Вашингтондо америкалык лидер менен сүйлөшкөндөн кийин Москвага келди. Ак үйдөгү кездешүүдө президент Трамп Израил менен Палестинанын ортосундагы узакка созулган карама-каршылыкты токтотууну максат кылганын планын жарыялаган.

"Президент мырза, сиз мен Вашингтондогу сапарымдан жана президент Трамп жолугушуумдан кийин эле сүйлөшүү өткөргөн биринчи дүйнөлүк лидерсиз. Менимче, бүгүн сиз менен сүйлөшүүгө жана сиздин пикирди угууга өзгөчө мүмкүнчүлүк түзүлүп турат", - деди Нетаньяху жолугушуунун алдында.

Жакынкы Чыгыш боюнча тынчтык планын Трамп менен Нетаньяху кубаттаганы менен палестиналык лидерлер кескин айыптап жатышат.

Путин журналисттердин алдында Ак үйдүн тынчтык планы тууралуу сөз кылган жок. Соңку жылдары орус бийлиги Израил менен Палестина автономиясынын талашында арачы болууга аракет кылып келет.

XS
SM
MD
LG