Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:41

Вашингтондун планы сынга кабылды


Трамптын планына палестиналыктын реакциясы.
Трамптын планына палестиналыктын реакциясы.

АКШнын президенти Дональд Трамптын Жакынкы Чыгышта тынчтык орнотуу планын Европа менен Бириккен Улуттар Уюму салкын кабыл алышса, бир катар мусулман өлкөлөрү ачык четке какты. 

Бул планга ылайык Иерусалим Израилдин борбору болууга тийиш, ал эми анын чыгышында болочок Палестина мамлекетинин баш калаасы жайгашышы керек. Вашингтондун тынчтык планында, мындан тышкары Иордан дарыясынын Батыш жээгиндеги жөөттөр жайгашкан аймактарды Израилге караштуу деп расмий таанып, ортодо эки тараптын бирдиктүү аймактарын түзүү сунушталган.

АКШ президенти Дональд Трамп бул план ишке ашса израилдиктер да, палестиналыктар да үй-жайын таштап качууга мажбур болбой турганын белгилеген.

Ошондой эле Трамп палестин лидерлеринен зомбулуктан баш тартып, израилдиктерге кол салган топторду каржылоону токтотууну талап кылган. Келечекте Палестина мамлекетине Вашингтон 50 миллиард доллар инвестиция саларына да убада берген. Бирок, тынчтык планына ылайык, болочок Палестина мамлекетинде армия түзүлбөшү керек, мамлекет аба майданын өз алдынча аскердик күчтөр менен көзөмөлдөй албайт.

Израил дал ушундай шарттарда Палестина автономиясынын азыркы аймагын эки эсе кеңейтүүгө, жаңы мамлекет түптөлө турган төрт жылда талаштуу жерлердеги жөөттөр жашаган аймагын кеңейтпөөгө макул болгон.

Трамптын күйөө баласы, Ак үйдүн башкы кеңешчиси Жаред Кушнер иштеп чыккан Жакынкы Чыгышта тынчтык орнотуу планы шейшембиде жарыяланган.

Дональд Трамп жана Биньямин Нетаньяху.
Дональд Трамп жана Биньямин Нетаньяху.

Ага чейин Ак үйдө Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху менен жолуккан Трамп Вашингтондун планы Израил менен Палестинанын элдешүүсү үчүн маанилүү экенин белгилеген:

- Бул план Жакынкы Чыгышта тынчтык орнотууга абдан маанилүү. Мен кайда барбайын, Жакынкы Чыгышта согушту токтотуш үчүн Израил менен палестиналыктар элдешиши керек экенин айтып жатышат. Адамдар бул маселенин үстүндө бир топ жылдар бою иштеген. Биз азыр башкы максатка жакындап калдык, башка адамдарды да буга көндүрүшүбүз керек. Мен көпчүлүк араб өлкөлөрү буга макул болгонун айтып коюшум керек. Алар муну колдошту. Бул планды туура деп эсептешет.

Бирок тынчтык планы менен таанышууга Вашингтонго Палестина автономиясынын жетекчилиги чакырылган эмес.

Трамптын планын Палестина улуттук администрациясынын башчысы Махмуд Аббас четке какты. Ал Иерусалим сатылбай турганын айтып, Трамптын Нетаньяху менен макулдашып алган келишимин Палестина эли «тарыхтын таштандысына ыргытарын» белгиледи:

Махмуд Аббас.
Махмуд Аббас.

- Биз тизе бүгүп, багынып бербейбиз. Палестиндердин маселесин өз ара макулдашуулар, кутум аркылуу чечүү планы ишке ашпайт.

Аббас Жакынкы Чыгышта тынчтык орнотуш үчүн сүйлөшүүлөргө даяр экенин билдирип, бирок аны АКШ же Трамп менен макулдашпай турганын кошумчалаган.

Палестиндер 1967-жылкы араб-израил согушуна чейинки чек араларды кайтарууну көздөп келишет.

Түркия менен Иран да Вашингтондун тынчтык планын кескин сынга алып, «өлүү туулган», «палестиндерди шылдыңдайт» деп баалап, бул демилге эч качан ишке ашпай турганын белгилешти.

Европа Биримдигинин өкүлү Жозеп Боррел бул планды салкын кабыл алып, эки тараптын кызыкчылыгын эске алуу менен караларын айтты.

Бириккен Улуттар уюму Батыш жээк менен Газа тилкесин Израил басып алган 1967-жылкы араб-израил согушуна чейинки чек араларды таанууну колдой турганын билдирди.

- Бириккен Улуттар Уюмунун эки өлкө тууралуу позициясы бир топ жылдан бери Коопсуздук кеңеши менен Башкы Ассамблеянын резолюцияларына ылайык аныкталып келет, - дейт башкы катчы Антонио Гутерриштин өкүлү Стефан Дюжаррик.

Ал эми Сауд Арабиясынын, Египеттин, Германиянын өкүлдөрү израил-палестин лидерлерин бир үстөлгө отуруп, чечишүүгө чакырды.

Орусия бул план «кылдаттык менен караларын» билдирди. Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху Москвага келип, президент Владимир Путин менен жолугушары күтүлүүдө.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​
  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG