Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:35

«Amnesty International» Азия өлкөлөрүн кескин сындады


Гонконгдо шинжаңдык уйгурларды колдогондор. 22-декабрь, 2019-жыл.
Гонконгдо шинжаңдык уйгурларды колдогондор. 22-декабрь, 2019-жыл.

«Amnesty International» эл аралык укук коргоо уюму Азиядагы бир катар мамлекеттерди «өз жарандарынын түпкүлүктүү укуктары менен эркиндигин чектеп жатат» деп сындады. Баш кеңсеси Лондондо жайгашкан бул уюмдун 30-январдагы баяндамасында Азиядагы Кытай, Индия, Пакистан сыяктуу бир нече өлкөдө маалымат каражаттарына басым күчөгөнү, жарандардын тынч митинг уюштуруу укугу одоно бузулуп жатканы айтылган.

Ошондой эле барган сайын Интернетте сын-пикир жазгандарды жазалаган мыйзамдар кабыл алынып жатканы, өкмөттөрдүн мындай аракети жаштардын ири нааразылык акцияларына түрткү бергени да белгиленген.

- 2019-жыл Азияда репрессиянын, ошол эле учурда каршылыктын жылы болду, - деди эл аралык уюмдун өкүлү Николас Беклин.

Уюм Кытайда укук коргоочулар куугунтукталып, Шинжаң аймагында уйгурлар жана казактар сыяктуу улуттардын өкүлдөрү негизсиз кармалып жатканын мисал келтирген. Пакистанда болсо укук коргоочулар, журналисттер, шиит мусулмандарынын көрүнүктүү өкүлдөрү сыяктуу жүздөгөн адамдар «дайынсыз жоголуп» кеткени, буга коопсуздук күчтөрүнүн тиешеси бар экенин белгилеген.

XS
SM
MD
LG