Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:00

Адвокат Жээнбековдун камерасынан табылган телефон боюнча жооп берди


Равшан Жээнбеков.
Равшан Жээнбеков.

Кой-Таштагы окуялар боюнча оор кылмыштарга шектүү катары абакта отурган Равшан Жээнбековдун жактоочусу Замир Жоошев Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) «саясатчы отурган камерадан телефон табылды» деген билдирүүсүнө жооп берди. Жоошев «табылган телефондорду ким, кантип киргизгени» жөнүндө суроо салат.

ЖАМК камакта отурган Равшан Жээнбековдун Кыйноого каршы борборго кайрылганы боюнча билдирүү тараткан. Маалыматка ылайык, ЖАМКтын борбордук аппаратынын кызматкерлери 28-январь күнү №1 тергөө абагындагы № 307 камераны капыстан тинтүүгө алышкан. Ал камерада саясатчы Равшан Жээнбеков жана башка кишилер болгон.

Мекеменин маалыматы боюнча тинтүүдө камерадагы тамак-аштын арасынан эки телефон, самынга катылган бир телефон табылган. Табылган телефондордун симкалары болгон. Тинтүү саат болжол менен 21:30дан 22:30га чейин болгон. ЖАМК өз билдирүүсүндө Равшан Жээнбеков айткан дооматтарды четке кагууда.

29-январда адвокат Замир Жоошев Кой-Таш окуяларына байланыштуу шек саналып, №1 тергөө абагында отурган Равшан Жээнбековдун камерасын текшерүү учурунда абак кызматкерлери ага орой мамиле кылышканын айтып чыккан. Саясатчы өзү Кыйноого каршы улуттук борборго кайрылган.

XS
SM
MD
LG