Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:17

Москва баңгизат соодасы үчүн соттолгон Израилдин жаранын бошотту


Наама Иссахар.
Наама Иссахар.

Орусияда баңгизат аткезчилигине айыпталып, жети жарым жылга кесилген Израил жараны Наама Иссахар түрмөдөн чыгарылды. Бир күн мурда Орусиянын президенти Владимир Путин ага ырайым кылган буйрукка кол койгон. Мындай чечим Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху Москвага келерде кабыл алынды. Нетаньяху 30-январда орус президенти Владимир Путин менен жолукканда Иссахарга ырайым кылганы үчүн ыраазылыгын айтты.

Бейшембиде түрмөдөн чыккан Наама Иссахар былтыр октябрда кесилген. Ал андан беш ай мурда Индиядан Тел-Авивге Москва аркылуу баратканда кармалган. Анын сумкасынан 10 килограммдай нашаа табылган.

Иссахар баңгизат сактаганын мойнуна алып, бирок аткезчилик тууралуу дооматты четке каккан. 23-январда Путин Израилге барганда Иссахардын энеси менен да жолуккан.

XS
SM
MD
LG