Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:13

Коронавируска байланыштуу эл аралык өзгөчө абал жарыяланды


Тедрос Гебреисус.
Тедрос Гебреисус.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму коронавирус Кытайдан башка өлкөлөрдө да жайылып жатканына байланыштуу эл аралык өзгөчө абал жарыялады.

Ошол эле учурда уюмдун башчысы Тедрос Гебреисус азырынча эл аралык каттамдар менен соодага чектөө киргизүүгө негиздүү себептер жок экенин билдирди.

Акыркы маалыматтарга караганда, коронавирусту Кытайдан башка өлкөлөрдө (18 мамлекетте) жугузуп алгандардын саны 100дөн ашты. Кытайдын өзүндө 30-январга карата 170 адам каза болуп, дагы 8 миңге жакын киши илдетти жугузганы кабарланган. Мындан тышкары 1370 адамдын абалы оор экени айтылган.

Эпидемия декабрдын аягында Кытайдын Ухань шаарында башталган. Көп өлкөлөр бул шаардагы жарандарын чыгарып кетип, кытай туристтерине виза берүүнү убактылуу токтотушту.

Кытайдын өзүндө болжол менен 60 миллион адам жашаган бир нече шаар карантинге жабылды.

Кытайдын Жугуштуу ооруларды дарылоо боюнча мамлекеттик лабораториясынын адистери бул илдетке каршы эмдөө каражатын тесттен өткөрүүгө кеминде үч ай талап кылынарын билдиришти.

Бул Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму жарыялаган акыркы он жылдыктагы алтынчы эл аралык маанидеги чукул кырдаал болуп калды. Буга чейин Эбола жана Зика вирустарына байланыштуу глобалдык эпидемия кырдаалы жарыяланган.

XS
SM
MD
LG