Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:56

ТИМ: Ухань шаарынан кыргызстандыктарды алып келүү боюнча иш жүрүп жатат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Тышкы иштер министрлиги жана Кыргызстандын Кытайдагы элчилиги Ухань шаарынан жана Кытайдын башка аймактарынан кыргыз жарандарын алып чыгуу кетүүнүн бир нече вариантын иштеп чыгууда. Бул тууралуу өлкөнүн тышкы саясий мекемеси билдирди.

ТИМ Кыргызстандын Кытайдагы элчилиги жана консулдуктары Кытайдагы кыргызстандыктардын кайрылууларын кабыл алып жатканын маалымдады. Ошондой эле Кытайдагы жарандардын Кыргызстандагы жакындары кеңеш берүүгө жана ар кандай жардам көрсөтүүгө даяр экенин белгилейт.

ТИМ кыргызстандыктарга вируска байланыштуу абал турукташканча Кытайга барбай турууну сунуш кылат. Ал эми Кытайга барган жарандарды эл көп топтолгон жайларга барбоого, жергиликтүү бийлик сунуш кылган чараларга баш ийүүгө чакырат. (TSh)

XS
SM
MD
LG