Мамлекеттик салык кызматы 2019-жылы жарандардын кайрылууларынын жыйынтыгы боюнча мекеменин 58 кызматкерин жазалады. Бул тууралуу улуттук «Кабар» маалымат агенттиги жазды.
2019-жылы Мамлекеттик салык кызматына 179 кайрылуу, даттануу келип түшкөн. Алардын ичинен жазуу жүзүндө – 82 билдирүү, электрондук почта боюнча - 46, «ишеним телефонуна» – 48 жана массалык маалымат каражаттары аркылуу – 3.
Бул кызмат жарандардын жана салык төлөөчүлөрдүн кайрылууларын өз убагында ыкчам кароо максатында төмөнкү телефондорду ишке киргизген. Ишеним номуру – 0312613189, дароо байланыш номуру 0779613189 жана электрондук кайрылууларды кабыл алуу үчүн info@sti.gov.kg электрондук дареги иштейт. (TSh)