Айеркен Саймаити анын жубайы Вуфули Бумаилиаму жана Саймаитинин «Абдыраз» фирмасы аркылуу 2011-2017-жылдар аралыгында Түркияга, Латвияга, Кытайга, Голландияга, Бириккен Араб Эмираттарына 932 млн. 736 365 доллар чыгарылган. Бул маалыматты Финансы полициясынын төрагасынын орун басары Эмил Жамгырчиев дагы бир жолу ырастады.
Анын маалыматына караганда, ошол эле учурда Айеркен Саймаити анын жубайынын жана «Абдыраз» фирмасынын банктагы эсептерине 937 млн. 807 279 доллар түшкөн. Анын ичинен Саймаитиге 592 млн. доллар, анын жубайы Вуфули Бумаилиамуга 26 млн. доллар, «Абдыраз» фирмасына 318 млн. доллар которулган.
- Бул документтин бардыгы 2019-жылы июнь айында такталгандан кийин Мамлекеттик салык кызматына өткөрүп бергенбиз. 2019-жылдын август айында салык текшерүүнү жыйынтыгында Айеркен Саймаитиге 2 млрд. сом, жубайына 135 млн. сом, «Абдыразга» 3 млрд. сом кошумча пайда салыгы эсептелген. Жалпысынан 6 млрд. сомго чукул болот. Бул маалыматтар далилденгенден кийин Айеркен Саймаитини кылмышка шектүү катары ички жана эл аралык издөөгө жарыялаганбыз, - деди Жамгырчиев.
Депутаттык комиссиянын мүчөсү, депутат Мирлан Жээнчороев Эмил Жамгырчиевге: «Салык мамлекетке тиешелүү каражатпы?» деген суроо берди. Жамгырчиев «салык бюджетке тиешелүү» деп жооп берди.
Жээнчороев андан тышкары «Учурда Айеркен Саймаитинин, анын жубайынын жана «Абдыраз» фирмасынын банктагы эсептеринде каражат барбы?» деп сурады. Финансы полициясынын маалыматы боюнча учурда алардын эсебинде акча жок. (BTo)