Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:42

УКМК: пара менен сот аткаруучу кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

30-январда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Чүйдүн Аламүдүн районунун сот аткаруу бөлүмүнүн кызматкери иш бөлмөсүндө пара алып жаткан учурда кармалганын маалымдады.

Баштапкы тергөөдө ал жол кырсыгы боюнча өндүрүшкө алынган ишти токтотуш үчүн пара талап кылган. Бул факт Жазык кодексинин 326-беренеси («Пара талап кылуу») боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Шектүү УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Учурда кылмыш иштин алкагында ыкчам тергөө иштери жүрүп жатат. (TSh)

XS
SM
MD
LG