Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:17

Мигранттардын балдары тарбияланып жаткан үй-бүлөлөр текшерилет


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргыз өкмөтү жергиликтүү мамлекеттик администрация жетекчилерине балдарга карата катаал мамиленин жана зордук-зомбулуктун алдын алуу боюнча райондук штабдардын ишин күчөтүүгө тапшырма бергенин кабарлады.

Жакында райондук штабдар мигранттардын балдары тарбияланып жаткан үй-бүлөлөргө мониторинг жүргүзүш үчүн кожолуктарды кыдырып, балдарга карата физикалык жана психологиялык жактан зомбулук көрсөтүүгө, катаал мамиле кылууга жол бербөө тууралуу калкка түшүндүрүү иштерин жүргүзөт.

Ошондой эле өкмөт жарандарды кайсы бир үй-бүлөдөгү зомбулук боюнча маалымат бериш үчүн 111 ишеним телефонуна чалып же укук коргоо органдарына кайрылууга чакырат.

Сузак районунда эки жашар бала ур-токмоктон чарчап калганы айтылууда. 27-январда туугандарынын колунда багылып жаткан бала ооруканага чарчап калгандан кийин жеткирилген. Окуяны ички иштер органдары иликтеп жатат.

27-январда түш ченде чарчап калган баланы Сузак районундагы Октябрь аймактык ооруканасына туугандары алып келишкен. Медициналык кароо учурунда дарыгерлер баланын денесинде көгала тактар болгонун байкашкан. Бул факт боюнча Сузак райондук ички иштер бөлүмү Жазык кодексинин «Денеге оор залал келтирүү» беренеси боюнча кылмыш ишин козгоп, сотко чейинки өндүрүшкө алынды. Кылмышка шектүү катары баланы убактылуу багып жаткан аял суракка алынып жатат. ​ (TSh)

XS
SM
MD
LG